29-август 2018 жылы Кыргыз корей маалымат борборунун жыйындар залында Кыргыз Республикасынын кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринин август айындагы кеңешмеси болуп өттү.

Кеңешмени КР Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Г. Ибраимова ачты.

Кеңешмеде «КР Билим берүү системасында мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн багыттары», башталгыч, орто, жогорку кесиптик билим берүү мекемелеринде мамлекеттик тилди окутуу боюнча маселелер каралып, ошондой эле презинтациялар көргөзүлдү.

Leave a Comment